super.kg logo

Жалал-Абадда эки көчө ремонттон кийин колдонууга берилди

 
Бүгүн, 17-август күнү, Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасындагы Жеңижок көчөсү жана Мадияров көчөсүнүн бир бөлүгү пайдаланууга берилди. Көчөлөрдүн ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаттары жана шаар тургундары катышты. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалым болгондой, аталган көчөлөрдү реконструкциялоого республикалык бюджеттен 98 миллион 743 миң сом акча каражаты жумшалды.
- Жеңижок көчөсүнүн узундугу 1243 метр, туурасы 14 метрди түзөт.
- Мадияров көчөсүнүн узундугу 243 метр, туурасы 8,1 метр.
Белгилей кетсек, Жеңижок көчөсүнүн эки тарабына тротуар курулуп, темир-бетон арык куурлары да жаткырылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: