Испанияда ири токой өртүн өчүрүүгө армия тартылды
Испанияда учурда 20 ири токой өртү катталууда, алардын көбү түндүк-батыштагы Галисия аймагында. Өрттү өчүрүүгө 1900дөн ашык аскер тартылып, өкмөт кошумча 500 жоокерди жөнөттү. Бул тууралуу Sky News басылмасы жазды.
Маалым болгондой, жыл башынан бери өлкөдө 158 миң гектар аянт күйүп кеткен. Акыркы жумада үч адам каза болду. Өрттөрдүн айрымдары биригип, жолдор жана темир жол каттамдары жабылды.
Испаниянын Граждандык коргонуу агенттигинин жетекчиси Виржиния Барконес мамлекеттик RTVE телеканалына курган маегинде, Испанияга жардам берүүдө Франция менен Италиядан келген учактарга кошумча Нидерландиядан дагы эки суу чачуучу учак жана башка өлкөлөрдөн өрт өчүрүүчүлөр келери күтүлүп жатканын билдирди.
Өрттөр коңшу өлкө Португалияда да күч алган. Ал жакта миңдеген өрт өчүрүүчүлөр борбордук жана түндүк аймактарда тутанган сегиз ири өрт менен күрөшүп жатат. Алардын эң чоңу Пиодао тоолуу аймагына жакын жерде орун алган.
Адистер Түштүк Европадагы кырдаалды акыркы 20 жылдагы эң оор өрт сезону деп атап жатышат. Испания бул жагдайда эң катуу жабыркаган өлкөлөрдүн бири болуп саналат.
Акыркы күндөрү жардам сурап Греция, Болгария, Черногория жана Албания да Европа Биримдигине кайрылышты.
"Алдыда дагы оор күндөр турат, тилекке каршы, аба ырайы өрттөрдү чектөөгө ылайыктуу болбой жатат",- деп билдирди Испаниянын премьер-министри Педро Санчес.

