Президент текшергенден кийин көл жээгиндеги таштанды тазаланды
Ысык-Көл ОИИБинин туристтик-экологиялык милиция кызматы президент Садыр Жапаров тарабынан текшерүүдөн өткөн жана таштандылар аныкталган көлдүн жээгинде тазалоо иштерин жүргүздү.
Мекеме билдиргендей, аталган пляж Чолпон-Ата шаарына караштуу Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдун аймагында жайгашкан.
"13-август күнү туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери күнүмдүк текшерүү иштерин жүргүзүү учурунда бул аймактан таштандыларды аныктап, сүрөткө тартып, Чолпон-Ата шаардык мэриясына билдирүү беришкен. Мэрия тарабынан таштандыларды ыкчам тазалоо боюнча убада берилгенине карабастан, аймак тазаланбай калган. Мындан улам милиция кызматкерлери кечээ пляждын жээгин тазалап чыгышты",- деп билдирди милициядан.
Айта кетсек, 17-августта президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ысык-Көлдүн жээгин жөө кыдырып, таштандылар көп экендигин билдирген.
Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандылар
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















