Орусияда порох цехиндеги жарылуудан кийин бүгүн аза күтүү күнү деп жарыяланды
Орусиянын Рязань облусунда бүгүн, 18-август аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул чечим 15-августта аскердик завод "Эластик" порох цехинде болгон жарылуудан улам кабыл алынды деп билдирди губернатор Павел Малков.
Кырсыктын кесепетинен 14 адам каза болуп, 135 киши жаракат алганын Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Жарылуудан кийин күчтүү өрт чыгып, цехтин имараты толугу менен кыйрап калды. Азырынча урандыларды тазалоо иштери уланууда.
Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыктын себеби коопсуздук эрежелеринин бузулушу болушу мүмкүн. Бул факт боюнча өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузуу, этиятсыздык менен бир нече адамдын өлүмүнө алып келүү беренеси менен кылмыш иши козголду.
Бул "Эластик" заводундагы экинчи ири жарылуу. 2021-жылдын октябрь айында да заводдун цехинде жарылуу болуп, 17 адам каза болгон.

