super.kg logo

Бишкекте 20 жаштагы келин кайнатасына каршы милицияга арыз жазды (видео)

 

Бишкек шаарында милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул боюнча бүгүн, 18-августта Ленин райондук милициясы билдирет.

Маалыматка караганда, 20 жаштагы жаран милицияга арыз жазып, ушул жылдын август айында кайнатасы ага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерин жасаганын билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.

16-августта аталган кылмыш иши боюнча көрсөтмө берүү маалында 51 жаштагы И.А. аттуу жаран ишти токтотуу үчүн милиция кызматкерлерине пара сунуштаган.

Көп өтпөй Ленин РИИБинин кызмат бөлмөлөрүнүн биринде 50 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда А.И. кармалды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү И.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери уланууда.






18.08.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: