super.kg logo

Израилде миллиондон ашык адам Газаны колдоп, өкмөткө каршы чыкты

 

Израилде өкмөттүн Газа тилкесин басып алуу планына каршы чыгып, анын ордуна туткундарды алмашуу келишимин түзүү талабын койгон жалпы иш таштоо жана ири нааразылык акцияларына 1 миллиондон ашуун адам катышты. Бул тууралуу Израилдеги туткундардын үй-бүлөлөрүн бириктирген платформа билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча өткөн жүрүштөргө жана иш-чараларга катышкандар "Өкмөттүн туткундарды курмандыкка чалуусуна жол бербейбиз" деген ураандарды көтөрүп чыгышкан. Канал 12 телеканалынын кабарында Тель-Авивдеги борбордук митингге он миңдеген адам чыккандыгы белгиленди.

Иш таштоо айынан өлкөдөгү негизги ишканалар, жүздөгөн жеке компаниялар, муниципалитеттер жана уюмдар жабылды. Израил медиасынын маалыматына караганда, темир жол каттамдары дээрлик токтоп, транспорттук кыймыл олуттуу түрдө бузулуп, чоң тыгындар жаралган.

Нааразылык акциясына чыккандар туткундарды бошотуучу келишим түзүүнү талап кылышууда. Оппозиция менен туткундардын үй-бүлөлөрү премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну бийликте калуу аракетин улантып, коалицияны таркатуудан баш тартканы үчүн ХАМАС менен сүйлөшүүлөрдү атайылап үзүүдө деп айыптоодо.

Ал эми ХАМАС буга чейин бир нече ирет:

"Согуш токтотулса, Израил армиясы Газа тилкесинен чыгып кетсе жана палестиналык туткундар бошотулса, израилдик туткундарды массалык түрдө кое берүүгө даярбыз",- деп билдирген.

Израил бийлиги учурда Газада 50 израилдик туткун бар, алардын 20сы тирүү экенин болжолдойт.

Ошол эле маалда, адам укуктары боюнча отчеттордо Израил түрмөлөрүндө 10 миң 800дөн ашык палестиналыктын оор шартта кармалып жатканы айтылат. Алардын көбү ачкачылык, кыйноо жана медициналык камкордуктун жоктугунан жабыркап, жүздөгөнү каза болгон.

2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин Газага каршы чабуулдары уланып, Эл аралык соттун эскертүүлөрүнө көңүл бурулбай келет.

Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, азыркыга чейин:
• 61 944 палестиналык (көбү аялдар жана балдар) өлгөн,
• 155 886 киши жарадар болгон,
• 9 миңден ашуун адам дайынсыз,
• Жүз миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон.

Мындан тышкары, ачарчылыктан 251 адам (анын ичинде 108 бала) каза тапкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: