"Бир тыйын коштурбаш керек". Оштун мэри 11 миң даана парта алууга күч түзүмдөрүн кошуп комиссия түздү (видео)

Мэр балдар үчүн ыңгайлуу жана сапаттуусун тандоо керектигин айтып, бул боюнча атайын топ түзүүнү тапшырды. Алардын катарын УКМКнын, шаардык укук коргоо кызматынын, прокуратуранын, мэриянын кызматкерлери менен шаардык кеңештин депутаттары түзөрү айтылды.
Калаа башчысы ортомчуларга акча алдырып койбой, сапаттуу жана ошол кеткен материалдарга ылайыктуу баа менен мектептин эмеректерин жаңылоо керектигин билдирди.
"Тендерге катышкандар алдамчылар да, алар 2-3 эсе бааны коюп бере беришет. Андыктан ушул эмеректерди жасагандардын өзүн катыштырышыбыз керек. Алар менен сүйлөш дагы 11 миң даана буюртма беребиз деш керек. 5500 даана кичинесинен, калганы чоң класстагы окуучулар үчүн. Тендерди жарыялаганда милициядан, УКМКдан, прокуратурадан кызматкерлерди кошуш керек. Бир тыйын үстүнө кошпой турган болуш керек да",- деди Токторбаев.
Мэр парталар боюнча айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-18

16:27
2025-08-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.