Айтурган Маматкулованын өлүмү: Анын жолдошуна карата сот чечими чыкты
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча чечим чыгарды.
Маалыматка ылайык, анын жолдошу Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонуу чечими чыкты.
Эске салсак, Айтурган Маматкулова былтыр, 7-июль күнү Бишкектеги №4 клиникалык тез жардам ооруканасында каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айтып чыккан.
Бул боюнча 2024-жылы 10-июлунда Октябрь РИИБи иликтөө иштери башталганын маалымдаган болчу. Райондук ички иштер башкармалыгы кийин, 31-августта шектүү катары Маматкулованын жолдошу Тилек Наркулов кармалганын билдирген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" боюнча айыпталып жаткан.
Бирок келиндин жакындары Маматкулованын өзүнө кол салганына ишенбей турганын, анын өлүмүнө күйөө баласы себеп болушу мүмкүн экенин айтып SUPER.KG порталына кайрылышкан.



