Биволдун мурдагы аялы өзүнүн жана балдарынын фамилиясын өзгөртөрүн билдирди
Белгилүү кыргызстандык мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Бивол өзүнүн жана балдарынын фамилиясын өзгөртөрүн билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тьармактагы баракчасында жарыялады.
Екатеринанын айтымында, мурдагы күйөөсү аны фамилияны кайтарып берүүгө көп ирет мажбурлаган.
"2,5 жыл бери күн сайын фамилия үчүн мени жемелешти. Дима жүздөгөн жолу чалып: "Фамилияны кайтар" деп айтчу. Бул акылга сыйбайт, туурабы? Мен ар дайым бул фамилия балдарымдын фамилиясы, мен болсо Биволдордун тукумун улантуучумун деп айтчумун. Диманын бир гана эжеси бар, ал эми мен эки уул төрөдүм",- деп жазды ал.
Натыйжада, Екатерина өзүнө жана балдарына жаңы фамилия тандады. Бирок анын кыз кезиндеги фамилиясы атасынын өгөй атасына таандык экенин белгиледи.
"Менин кыз кезимдеги фамилиям өзүмдүн фамилиям деле эмес, ал атамдын өгөй атасыныкы. Ошондуктан биз чоң атамдын фамилиясын алабыз. Жакында мен – Екатерина Игоревна Жалилова, уулдарым – Мирон Дмитриевич Жалилов жана Никон Дмитриевич Жалилов болуп калабыз",– деди ал.
Эскерте кетсек, Дмитрий жана Екатерина Биволдор 16 жашында таанышып, 2013-жылы үйлөнүшкөн. Никеде эки уул – Мирон жана Никон төрөлгөн. 2023-жылдын июнь айында жубайлар ажырашып кетишкен. Екатерина ошол кезде алименттин көлөмүн көбөйтүүнү талап кылган.
2024-жылдын декабрында ал мурунку күйөөсү прокуратурага арыз жазганын, көп узабай сот иши башталганын билдирген.
Азыркы тапта Дмитрий Бивол ооруканада. Ал дарыгерлердин кеңеши менен 10 жылдан ашуун кыйнаган бел жаракатына операция жасаткан. Ал толук калыбына келмейинче машыгуудан жана жыл аягына чейинки беттештерден баш тартат.
Буга байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк бокс уюму (WBO) да расмий түрдө Биволго кайрылган.

