"Баары эле таза экенин айтат, бирок..." Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы пара менен кармалды (видео)
"УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайсыл аймака барбасын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн "Тазасыңбы, таза иштеп жатасыңбы, коррупцияга аралашкан жоксуңбу...?" деп сурап жатат. Баары эле таза экенин, эч кандай мыйзам бузуу жок экенин айтат. Анан текшерип көрсө эле, пара алган, уурдаган, сатып жеген... болуп чыгып калып жатышат". Мындай билдирүүсүн бүгүн, 18-августта Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов бөлүштү.
Анын айтымында, бул ирет коррупция менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы колго түштү.
"Тазалар калмайынча тазалай берүүдөн башка айла жок да... Акыры баары бир толук тазаланып бүтүшү зарыл го",- дейт Рахманов.
Маалыматта эмнеден улам пара алгандыгы тууралуу толук маалымат айтылган эмес. Бирок Ташиев Чаткалга болгон иш сапарынын алкагында дал ушул кармалган башчыга таза иштөө керектигин эскерткен.
18.08.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:13
2025-08-17

15:40
2025-08-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.