super.kg logo

Салык кызматы мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөө боюнча электрондук кызматты ишке киргизди

 
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүнүн кабинетинде мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөө үчүн "Салыктык милдеттенмелер" модулун киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Салык кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.
Маалым болгондой, мүлк салыгын эсептөө жөнүндө кабарламаны алгандан кийин, салык төлөөчүдөн сумманы өз алдынча киргизүү же эсептөө талап кылынбайт. Убакытты үнөмдөп, бир нече баскычтын жардамы менен салыкты төлөп коюуга болот.
  • Мүлк салыкты эсептетүү үчүн cabinet.salyk.kg порталына кирип, "Салыктык милдеттенмелер" модулун тандоо керек;
  • Андан кийин "Өтүү" баскычын басканда, салык милдеттенмелери боюнча бардык маалыматтар көрсөтүлөт;
  • Оң жагындагы "Төлөө" баскычын басканда, QR-код, төлөм коду жана банк карталары сыяктуу төлөм ыкмалары сунушталат.
  • Модулда салыктын түрү, датасы, району жана суммасы боюнча маалыматтар камтылган.
  • КМБ коду, дареги, салык мезгили, аянты жана төлөөнүүчү сумма.
Белгиленгендей, эсептөөлөр төлөө мөөнөтүнөн 30 күн мурда, 1-сентябрга чейин жүргүзүлөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: