super.kg logo

Испанияда 2405 киши ысыктан каза болду

 

Испанияда аптаптуу ысыктын айынан 2405 адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды. Бул тууралуу өлкөнүн Күнүмдүк өлүмдү көзөмөлдөө системасы (MoMo) маалымдады.

Маалыматка ылайык, быйыл жай айларында 16-августка чейин катталган ысыктан каза болгондордун саны өткөн жылдагы көрсөткүчтөн ашып кетти.

Статистикага ылайык, 2024-жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейин Испанияда 2012 киши ысыктын айынан каза тапкан. Ал эми быйыл жайда 16-августка чейин эле 2405 адамдын өмүрү кыйылды.

Бир гана август айынын алгачкы эки жумасында 931 киши ысыктан улам көз жумган.

Салыштыруу үчүн: 2023-жылдын жайында Испанияда 3007 киши, 2022-жылы болсо катуу токой өрттөрү жана ысык толкундарынан улам 4789 киши каза болгон.

Акыркы эки жумада Испанияда быйылкы жайдын экинчи чоң ысык толкуну болуп жатат. Мамлекеттик метеорология институтунун (AEMET) маалыматына ылайык, 16-августта өлкөдөгү 224 станцияда абанын температурасы 40 градустан жогору катталган.

Ал күнү 6 жерде термометр 44 градустан жогору көтөрүлүп, түштүктөгү Кордоба шаарында 44,7 градус ысык байкалган.

Ашыкча ысыктан улам Испанияда чоң токой өрттөрү чыккан. Синоптиктердин айтымында, бул аптаптуу толкун жуманын аягында басаңдашы күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: