Эки-Нарындагы кулаган көпүрө: Талкуу жараткан жол белги тууралуу маалымат берилди
"Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы социалдык тармактарда Нарын дарыясына кулаган көпүрөгө алып барган жолдогу жол белгиси тууралуу айтылган маалыматтарды төгүндөдү.
Ишкана эки жыл мурун Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте көпүрө текшерүүгө алынып, көпүрөнүн оор жүк көтөрө албастыгы аныкталып, жыйынтыгында 10 тоннага чейинки унаалар гана өтө ала тургандай чектөө киргизүү чечими кабыл алынганын белгиледи. Натыйжада ошол учурда эле чектөө жол белгиси коюлган.
"Бир түндө боёп, алмаштырып коюлду" делген маалымат чындыкка дал келбейт. Жарандардан такталбаган маалыматтарды таратпоону суранабыз!" - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарда Нарын районундагы Эки-Нарын айылында кулаган көпүрөгө алып барган жолдогу жол белгисинин сүрөтү тарап, талкуу жараткан.
Анда интернет колдонуучулары жол белгинин жаңы сырдалып, баштагыдан өзгөрүп калганын жазышып чыгышкан. Алар аталган жол белгиси мурда саатына 40 чакырымдан ашууга болбостугун көрсөтүп турганын, бирок аны оңдоп, 10 тоннадан ашык жүк менен өтүүгө болбойт деген чектөөгө алмаштырып коюшканын белгилешкен болчу.
Эске салсак, 13-августта Эки-Нарын айлынын Нарын шаары жана башка аймактар менен байланыштырып турган көпүрө кулаган.
SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө аталган айылдын тургундары Нарын дарыясынан алып өтчү көпүрө кулаганын билдиришкен.
Жергиликтүү тургундар көпүрөгө көп жыл болгонун, эскилиги жетип авариялык абалда турганын айтышып, көпүрө мектептин курулушуна арматура жеткизүүгө бара жаткан жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда кулаганын белгилешкен.
Алар убагында тургундардын кайрылуусуна карабай жергиликтүү бийлик тарабынан көпүрөнү оңдоо иштери жүргүзүлбөй келгенин айтышкан.
15-августта Ички иштер министрлиги сууга кулаган жүк ташуучу унаанын айдоочусунун сөөгү Нарын облусунун Ак-Кыя аймагынан табылганын маалымдады.



