Зеленский Трамп менен жолугушууда аскердик формасын костюмга алмаштырабы?
Ак үй украин бийликтеринен Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн костюм киеби же жокпу деп сураганын Axios басылмасы булактарына таянып билдирди.
Басылма Зеленскийдин кийими февраль айында Трамп менен акыркы жолугушуусунда талкуунун темасы болгонун эске салат. Анда Трамп Зеленскийдин костюмсуз келгенине нааразы болгон.
Маалымат булактары Зеленский жолугушууга Нидерландыда өткөн НАТОнун саммитинде кийген кара түстөгү күрмөсү менен барарын айтышкан.
Адатта Зеленский расмий жолугушуулар үчүн жөнөкөй, кээде аскердик кийимдерди кийип барат. Муну ал өлкөсүндө аскердик операциялар жүрүп жатканы менен түшүндүрүп келет.
Белгилей кетсек, Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу бүгүн, 18-августта (Бишкек убактысы боюнча 23:15те) Вашингтондогу Ак үйдө болот.

