Мурдагы "Локомотив" клубунун футболчусу Диарра ФИФАдан 65 миллион евро компенсация талап кылды
Москванын "Локомотив" клубунда мурда ойногон Лассана Диарра 18-августта Эл аралык футбол федерациясынан (ФИФА) 65 миллион евро компенсация талап кылды. Бул талап Европанын жогорку соту ФИФАнын айрым трансфердик эрежелерин Европа Биримдигинин мыйзамдарына каршы келет деп тапкандан кийин коюлгандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.
"2024-жылдын октябрында Евробиримдиктин Жогорку соту ФИФАнын оюнчуларды трансфер кылуу боюнча айрым эрежелери ЕС мыйзамдарына каршы келерин жарыялады. Бул чечим Диарранын даттануусунун негизинде кабыл алынган. Ал ФИФАнын трансфердик эрежелери анын карьерасына зыян келтиргенин айткан",- деп белгиленет маалыматта.
Диарра 2014-жылы "Локомотив" клубунан кеткен. Маалыматка караганда, француз оюнчусу машыгуу лагерлерине катышпай койгондон кийин клуб бир тараптуу түрдө анын келишимин токтоткон. 2015-жылы ФИФАнын чечими менен Диарра келишимди бузганы үчүн "Локомотивге" 12 миллион евро компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















