Испанияда быйыл 344 миң гектардан ашык жер өрттөндү
Август айынын башынан бери токой өрттөрү менен катуу күрөшүп жаткан Испанияда, быйылкы жыл ичинде 344 миң гектардан ашык аймак күлгө айланды. Бул тууралуу Европанын Чөйрөнү байкоо программасына (Copernicus) караштуу Европалык Токой өртү боюнча маалымат системи (EFFIS) кабарлады.
EFFIS’тин билдирүүсүндө, 1-январдан бери Испаниядагы токой өрттөрүндө жалпы 344 миң 417 гектар жер зыян тартканы айтылды. Анын ичинен 300 миң гектардан ашыгы акыркы үч жуманын ичинде өрттөнгөнү белгиленди.
Улуттук маалыматтарга салыштырмалуу, Испанияда акыркы 31 жылдагы эң чоң токой өрттөрү катталууда. 1994-жылы өлкөдө 437 миң 602 гектар жер күйгөн эле.
Азыркы учурда Испаниянын түндүгүндө 23 жерде өрттөр уланууда.
Жарандык коргоо кызматы жана жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Кастилия жана Леондо алдын алуу чаралары катары үйлөрүнөн чыгарылган 76 конуштагы 5 миң 300 адам азыр спорт залдарында, убактылуу баш калкалоочу жайларда же туугандарынын үйүндө жашап жатат.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, августтун башынан бери токой өрттөрүнөн жабыркаган жалпы 31 миң 130 киши эвакуацияланган.
Өрттөн улам азырынча 4 адамдын өмүрү кыйылды. Маселе боюнча 92 иликтөө иши ачылып, 31 киши кармалганы кабарланды.
Катуу шамал жана 44 градуска жеткен ысыктын айынан Испанияда көп күндөн бери уланып жаткан токой өрттөрүн толук көзөмөлгө алуу үчүн дагы кеминде 2–3 күн талап кылынары айтылды.
