Эки-Нарында кулаган көпүрө: Кырсык учуру видеого тартылып калган
Социалдык тармактарда Нарын дарыясынан алып өтчү көпүрөдөн жүк ташуучу унаа түшүп кеткен кырсыктын видеосу тарады.
Эске салсак, 13-августта Эки-Нарын айлынын Нарын шаары жана башка аймактар менен байланыштырып турган көпүрө кулаган. SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө аталган айылдын тургундары Нарын дарыясынан алып өтчү көпүрө кулаганын билдиришкен.
Жергиликтүү тургундар көпүрөгө көп жыл болгонун, эскилиги жетип авариялык абалда турганын айтышып, көпүрө мектептин курулушуна арматура жеткизүүгө бара жаткан жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда кулаганын белгилешкен.
Алар убагында тургундардын кайрылуусуна карабай жергиликтүү бийлик тарабынан көпүрөнү оңдоо иштери жүргүзүлбөй келгенин айтышкан.
Кырсыкка кабылган жүк ташуучу унаанын айдоочусун издөөгө 200гө жакын адам тартылып, 2 күндөн кийин сөөгү табылган.
Нарындагы кулаган көпүрө


