super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

УКМК Чаткалда кармалган айыл өкмөт башчысы боюнча маалыматты толуктады (видео)

 
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы коррупциялык кылмыштары үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалыматты толуктады.
Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин Чаткалга болгон иш сапарында дал ушул айыл өкмөт башчысына жемкорлуктан алыс болушу керектиги эскертилген видео тараган.
Маалым болгондой, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып тендерден жеңип чыккан иш аткаруучудан (подрядчик), колдоо көрсөткөндүгү үчүн 10 миллион 200 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды. Буга чейин Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылына спорт залдын курулушу боюнча баасы 25 миллион сомду түзгөн тендер өткөрүлгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (опузалап пара алуу) негизинде кылмыш ишинин алкагында Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б. пара алып жаткан жеринен кармалды.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.





Пара менен кармалган айыл өкмөт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: