Германиянын канцлери: "Путин менен Зеленский 2 жумадан кийин жолугушат"
Германиянын канцлери Фридрих Мерц Украина президенти Владимир Зеленский менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу 2 жумадан кийин өтөрүн билдирди. Бул тууралуу ал АКШ президенти Дональд Трамп, Украина президенти Зеленский, НАТО башкы катчысы Марк Рютте жана европалык лидерлер менен Ак үйдө болгон жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында айтты.
Мерц Зеленскийди колдоо жана Европанын жалпы кызыкчылыктарын коргоо үчүн бул жерге келгенин белгилеп, мүмкүн болуучу сүйлөшүүгө Украинанын сөзсүз катышуусу керектигин жана мындай жолугушуу бир гана ок атышууну токтотуу шартында өтүшү мүмкүн экенин билдирди.
"Мындай саммит үчүн кеңири даярдык көрүлүшү керек. Орусиянын президенти мындай жолугушууга катышууга даярбы-жокпу азырынча белгисиз. Ошондуктан аны ынандыруу боюнча аракеттер талап кылынат",- деди ал.
Жолугушуудагы тыныгуу убагында Трамп Орусиянын президенти менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жана Путин менен Зеленскийдин алдыдагы 2 жумадан кийин жолугушуусу тууралуу чечим кабыл алынганын кошумчалады.
Анын айтымында, бул жолугушуунун кайсы жерде өтөрү азырынча чечиле элек.
Мерц Украинанын аймактарды таштап кетиши сыяктуу талап коюлбашы керек экенин белгиледи.
"Орусиянын Донбассты таштап кетүүнү талап кылышы – бул АКШдан Флоридадан баш тартууну талап кылгандай эле. Эгемен мамлекет мындай чечимди оңою менен кабыл ала албайт. Бул чечимди сүйлөшүү маалында Украинанын өзү гана кабыл алышы керек",- деди Германиянын канцлери.
Ал Трамптын Украинага коопсуздук кепилдигин берерин жарыялаганын кубануу менен белгиледи.
"Биз жакшы даярдык көрдүк, бир пикирди кармандык жана бул Трампка да жакты. Анткени европалыктар бул жерде бир добуштан сүйлөп жатканын ал байкады",- деди Мерц.
Ал ошондой эле жолугушууда күтүлгөндөн да ашык жыйынтык алынганын белгилеп, алдыда дагы көп иштер бар экенин, аларды аткарууга чечкиндүү экенин кошумчалады.
"Орусияга басым кылышыбыз керек. Кийинки сүйлөшүүлөргө өтөөрдөн мурда сөзсүз түрдө ок атышууну токтотуу шарт",- деп жыйынтыктады.
