super.kg logo

Ырчы Айбек Бакытбеков "Ну-ка, все вместе!" сынагынын финалдык этабына өттү

 

Кыргызстандык ырчы Айбек Бакытбеков сиянын "Ну-ка, все вместе!" музыкалык шоусунун экинчи сезонунун финалдык этабына өттү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Ырчы калыстарды таң калтырды жана толук курамдын колдоосуна ээ болду. Бакытбеков "Perfect" аттуу чыгарманы аткарды.

Финалга чыгуу үчүн катышуучулар белгилүү калыстар курамынын бардык мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болушу керек болчу. Алардын арасында Сергей Лазарев, Николай Басков, Андрей Солод, Арсений Бородин, Ирина Олифер, Олеся Евстигнеева, Ольга Варвус, Григорий Юрченко, Нодар Ревия, Николай Ерохин, Олег Влади, Альберт Жалилов, Алина Яровая, Этери Бериашвили жана Марина Фирсова бар.

Кастинг Санкт-Петербург шаарында өтүп, телеберүүнүн чыгарылышы 15-августта эфирге чыкты.

Айта кетсек, Айбек Бакытбеков 2013-жылы Юрмалада өткөн "Жаңы толкун" (Новая волна) сынагына катышкан.






Айбек Бакытбеков

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: