Beeline Кыргызстандын жаңы башкы директору
Beeline Кыргызстан уюлдук оператору байланышты дагы да сапаттуу, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кыла турган чоң өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат. Өткөн аптада «Элдик Банк» ААК «Скай Мобайл» ЖЧКнын (Beeline Кыргызстан соода маркасы) 100% акциясын сатып алган. Бул бүтүм масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө жол ачат.
Ушул маанилүү этапта команданы тажрыйбалуу жетекчи жана бай профессионалдык бэкграундга ээ таланттуу лидер башкарат. Beeline Кыргызстандын жаңы башкы директору – Кубаталиев Мирлан Турдубекович.
Мирлан Кубаталиев 1985-жылдын 29-ноябрында туулган. Үч жогорку билимге ээ: 2007-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Менеджмент жана бизнес институтун «инженер-экономист» адистиги боюнча кызыл диплом менен бүтүргөн, 2014-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан юридикалык билимге ээ болгон, ал эми 2023-жылы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын «Эл аралык мамилелер» багыты боюнча бүтүргөн.
Мирлан Кубаталиевдин карьерасы ар кандай тармактардагы ири долбоорлорду башкаруу менен байланышкан. 2007-2014-жылдары ал IT, каржы, камсыздоо жана логистика тармактарында эмгектенген. Андан кийин бир нече жыл жеке ишкерлик менен алектенип, 2019-жылы телекоммуникация тармагына өткөн: «КТ-Мобайл» ЖЧКсында Коммерциялык департаменттин башчысы катары баштап, компаниянын директору кызматына чейин жеткен.
2021-2024-жылдары транспорт жана авиация тармактарында иштеген: «Кыргыз темир жолу» ААКта Ички коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси, «Компания Манас Менеджмент» ЖАКта башкы директордун орун басары, андан кийин, «Манас Эл аралык аэропорту» ААКта аткаруучу директор кызматтарын ээлеген. 2025-жылдын 13-августунда «Скай Мобайл» ЖЧКсынын башкы директору кызматына киришкен.
«Мыкты, ишенимдүү жана туруктуу уюлдук оператор катары таанылган Beeline Кыргызстан компаниясын жетектөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонума абдан кубанычтамын, – дейт Мирлан Кубаталиев. – Команда менен биргеликте, биз компанияны жаңы өнүгүү деңгээлине чыгара алабыз деп ишенем. Биз рыноктогу позициябызды бекемдөөгө, инновациялык чечимдерди киргизүүгө, санариптик кызматтардын спектрин кеңейтүүгө жана абоненттер үчүн кызматтарыбыздын сапатын жогорулатууга багыт алабыз».
Мирлан Турдубековичтин жетекчилиги астында Beeline Кыргызстан мындан ары да өз миссиясын уланта бермекчи – өлкөнүн жана коомдун өнүгүүсүнө салым кошуу, жана кыргызстандыктар үчүн маалыматка, байланышка жана чексиз мүмкүнчүлүктөргө жол ачуу.
Бул мүмкүн. Бул Beeline.
