super.kg logo

НАТОнун баш катчысы: "30 өлкө Украина үчүн коопсуздук кепилдиги боюнча иш алып барууда"

 

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Япония жана Австралияны кошо эсептегенде 30 өлкө Украина үчүн коопсуздук кепилдиги боюнча алкакты даярдап жатканын, ал эми АКШ бул демилгеге кошулууга кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу ал Орусия–Украина тынчтык процесси алкагында АКШнын президенти Дональд Трамп, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана европалык лидерлер менен болгон жолугушуудан кийин америкалык Fox News телеканалына маек берип жатып айтты.

Рюттенин айтымында, жолугушууда Украинага берилүүчү коопсуздук кепилдиктери талкууланды. Ал акыркы айларда Улуу Британиянын премьер-министри Кэйр Стармер жана Франциянын президенти Эммануэль Макрондун жетекчилигинде Япония жана Австралияны кошкондо 30 өлкө бул кепилдиктерди иштеп чыгып жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал АКШнын да бул алкакка кошулууга даяр экенин айтып, Вашингтондун ролу жакынкы күндөрү талкууланарын кошумчалады.

Рютте Трамптын Орусиянын президенти Владимир Путин менен диалог баштап, кырдаалды "туюк абалдан чыгарганын", бирок ошол эле учурда Москвага басым жасаганын белгилеп, бул күндү "өтө ийгиликтүү болду" деп баалады.

Ал жолугушууда Украинанын аймактан баш тартуу маселеси көтөрүлгөн эместигин айтып, алдыдагы күндөрү кепилдиктерди иштеп чыгууну улантаарын, андан соң бүгүн сүйлөшкөн лидерлер менен онлайн жыйын өткөрөрүн, кийин АКШ–Орусия–Украина үч тараптуу жолугушуусуна даярдык көрүлөрүн кошумчалады.

АКШнын Ак үйүндө өткөн жолугушууга Трамп менен Зеленскийден тышкары Рютте, Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Кэйр Стармер, Финляндиянын президенти Александр Стубб, Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони жана Германиянын канцлери Фридрих Мерц катышты.

Эске сала кетсек, Трамп 15-августта АКШнын Аляска штатында Путин менен жолугуп, бирок акыркы келишимге жетишилбегенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: