super.kg logo

"Кыргыз–Россия" экономикалык форумунда БАПБдын санариптик чечимдери сунушталды

 

13–14-август күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун уюштуруусу менен VII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү.

Ага миңден ашуун мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ишкерлер, илимпоздор жана эксперттер катышты. Форумдун борбордук темасы "Санариптик суверенитет – экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы" болду.

"Санариптик каржылык чечимдер – ылдам экономикалык өсүштүн куралы" аттуу сессияда «Банктар аралык Процессинг Борбору» ЖАКтын башкармалыгынын төрагасы Алтымыш Туратбеков сөз сүйлөп, компаниянын алдыдагы пландары жана жаңы каржылык инструменттердин натыйжалуулугун белгиледи:

"Биз үчүн артыкчылыктуу багыт – улуттук төлөм системасы "Элкарт" менен ELQR өз ара аракеттенүү операторун өнүктүрүү. Жыйынтыктар туура багыт тандагандыгыбызды көрсөтүүдө: 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле БАПБдын продуктулары аркылуу 65 миллиондон ашык операция жүргүзүлдү. Бул жарандар санариптик чечимдерге барган сайын активдүү өтүп жатканын далилдейт", — деди Туратбеков.

Форумда "Элкарт" улуттук төлөм системасынын стенди борбордук аянтчалардын бири болуп, анда NFC шакектер, билериктер, стикерлер жана өлкөнүн каржы рыногун бириктирген бирдиктүү QR-код ELQR сунушталды. Бул чечимдер ЕАЭБ өлкөлөрүнүн делегацияларынын, ЖМК өкүлдөрүнүн жана ишкерлердин өзгөчө көңүлүн бурду.

Катышуучулардын кызыгуусу компания тандап алган стратегиялык курстун тууралыгын дагы бир ирет тастыктап, Кыргызстандын санариптик экономикасын өнүктүрүүдөгү маанилүү салымын көрсөттү.

Ал эми «Банктар аралык Процессинг Борбору» келечекте да санариптик кызматтарды кеңейтүүнү улантып, күнүмдүк эсептешүүлөрдү ыңгайлуу кылуу жана ишкердик үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу ниетин билдирди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: