Соттолгон Даниэл Ажиевдин жубайына батир жана унаа берилди






Бүгүн, 19-августта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев абакта отурган Даниэл Ажиевдин жубайы Наргизаны кабыл алды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, ал 29-июлда ЖМК аркылуу президент Садыр Жапаровдун дарегине видео кайрылуу жолдоп, мурда мамлекет тарабынан конфискацияланган турак-жайлардын бирин жашоо үчүн өткөрүп берүү маселесин карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган.
"Турмуштун оор кырдалын, ошондой эле Ажиеванын оор дартка чалдыккан баласы бар экенин эске алып, ага мурда конфискацияланган батир жана жаңы автоунаа тапшырылды",- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, УКМК 2023-жылдын 5-июнда Даниэл Ажиев жетектеген көп сандагы вебкам-студияларынын тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын кабарлаган. Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, Кыргызстанга өткөрүлгөн.
Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Даниэл Ажиевдин мүлктөрү конфискацияланып мамлекеттин балансына өткөн. Мүлктөрдүн жалпы наркы 262 миллион сомду түзгөн.

