super.kg logo

Ташиев ЖАМКнын Кайтаруу жана конвой департаментине жабдууларды тапшырды (фото)

 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментине жабдууларды жана атайын техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта мекемеден билдиришти.

Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана ЖАМК төрагасы Чыңгыз Кожошев катышты. Ташиев президент Садыр Жапаровдун атынан департаментке 81 миллион сомдук заманбап жабдууларды жана атайын техникаларды тапшырды.

  • 14 даана атайын техникалар
  • 191 видеобайкоо камералары
  • 9 квадрокоптерлер (дрондор)
  • 450 боди камералар (видеорегистратор)

Ташиев ЖАМК кызматкерлери үчүн материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча тиешелүү шарттар мындан ары да түзүлөрүн, анын ичинде аталган кызматтын бардык кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу зарылчылыгын белгиледи.

Ошоной эле УКМК башчысы ЖАМК кызматкерлерине соттолгондорду социалдаштыруу боюнча активдүү иштерди улантууну тапшырып, кызматкерлердин арасында коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө керектигин эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: