АКШда 6 миңден ашуун студенттин визасы жокко чыгарылды
АКШнын Мамлекеттик департаменти жыл башынан бери 6 миңден ашуун студенттин визасы мөөнөтүнүн өтүп кетиши жана мыйзам бузуу себептери менен жокко чыгарылганын тастыктады. Бул тууралуу Мамдепартаменттин жазуу түрүндөгү билдирүүсү расмий сайтында жарыяланды.
"Fox News жарыялаган маалыматты ырастайбыз - Мамлекеттик департамент 6 миңден ашуун студенттин визасын мөөнөтүнүн аякташы жана мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жокко чыгарды",- деп жазылат маалыматта.
Билдирүүдө виза жокко чыгаруулардын басымдуу бөлүгү "кол салуу, мас абалда унаа айдоо, уурулук жана террорду колдоо сыяктуу кылмыштардан улам болгондугу" белгиленди.
Маалыматка ылайык, визалардын болжол менен 4 миңи мыйзам бузгандыгы үчүн жокко чыгарылган. Ал эми 200–300 чакты студенттин визасы "терроризмге байланыштуу" себептер менен жокко чыгарылганы айтылды.
АКШнын Fox News телеканалы буга чейин Мамлекеттик департамент "кол салуу, уурулук жана терроризмди колдоо" себептери менен 6 миңден ашуун студенттин визасын жокко чыгарганын кабарлаган.
Мындан тышкары, маалыматта Палестинаны колдогон нааразылык акцияларына катышкан студенттердин визалары өзгөчө кылдаттык менен текшерилип жатканы белгиленди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио май айында билдирүү жасап, Палестинаны колдогон митингдерге жана акцияларга катышкан студенттердин визалык абалы каралып жатканын жана алардын визалары жокко чыгарылары боюнча эскертүү берген.
