Бивол менен Бетербиевдин трилогиясы болот
Белгилүү кыргызстандык мушкер Дмитрий Биволдун менеджери Вадим Корнилов Артур Бетербиев менен үчүнчү беттеш тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Вадим Корниловдун айтымында, Биволго калыбына келүү үчүн убакыт талап кылынат жана жыл аягына чейин рингге чыга албайт. Ошентсе да, үчүнчү беттеш өткөрүү идеясы күн тартибинен алынган жок.
"Биволго каршы айыптоолордун эч кандай негизин көрбөйм. Биринчи эки беттеш сыяктуу эле үчүнчү да сөзсүз болот, мен ишенем. Февралдагы реванштан кийин 14 айдын ичинде төрт жолу рингге чыккан соң Дмитрийге ден соолугун калыбына келтирүү үчүн убакыт керек эле. Биз ачык эле жыл аягына чейин рингге чыкпайбыз деп билдиргенбиз. Азыр Бетербиевдин башка пландары бар, бул эч кандай маселе жаратпайт. Ал активдүү болууну каалады, бул түшүнүктүү нерсе",- деди Корнилов World Boxing News басылмасына берген маегинде.
Эске сала кетсек, учурда Дмитрий Бивол ооруканада жатат. Ал социалдык тармактагы баракчасында дарыгердин кеңеши менен он жылдан ашуун убакыт кыйнап келген эски бел жаракатын операция кылдырганын билдирди. Эми ал толук реабилитациядан өтүп, жыл аягына чейин машыгуудан жана беттештерден баш тартууга аргасыз болот.
Бул жагдай күйөрмандар күткөн Бивол – Бетербиев үчүнчү кармашынын мөөнөтүн жылдырды. Мурунку маектердин биринде Артур Бетербиев Биволду "чегинүү жолун тандады" деп сынга алган. Бирок ал аны күтпөстөн, өз жолун уланта берерин билдирген.
Жакында белгилүү болгондой, Бетербиев 22-ноябрда Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында өтө турган The Ring IV Night of Champions турниринде америкалык мушкер Деон Николсон менен беттешмекчи.
Эскерте кетсек, Бивол менен Бетербиев рингде буга чейин эки жолу жолугушкан. Эсеп – 1:1.
- Биринчи беттеш 2024-жылдын 13-октябрында Эр-Риядда өтүп, соттордун чечими менен Бетербиев жеңишке жетип, абсолюттук чемпион аталган.
- Реванш 2025-жылдын 22-февралында ошол эле Эр-Риядда өтүп, бул ирет жеңиш Биволго ыйгарылган. Натыйжада ал "абсолют" наамын тагынган.
Биволдун операциядан кийин ооруканага түшкөнү тууралуу кабардан кийин Дүйнөлүк бокс уюму (WBO) ага кайрылуу жасаган.
