super.kg logo

Путин Зеленский менен жолугууга макул болду

 

Орусия президенти Владимир Путин Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушууга макул болду. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Fox News телеканалынын түз эфиринде билдирди.

Рубионун айтымында, Орусия менен Украинанын лидерлеринин жолугушуусу боюнча сунушту АКШ президенти Дональд Трамп көтөргөн. Азыр америкалык тарап бул жолугушууну уюштуруунун үстүндө иштеп жатат.

"Эгер баары ойдогудай болсо, кийинки жолугушуу Путин, Трамп жана Зеленскийдин катышуусунда өтүшү мүмкүн. Ал жерде биз келишимди акыркы баскычка жеткирүүнү көздөйбүз. Бүгүн дал ушул багытта кантип жылуу керектиги талкууланды. Бирок Путиндин: "Макул, мен Зеленский менен жолугам" деген сөзүнүн өзү чоң жаңылык. Алар жолугушуудан эң жакын дос болуп чыгат деп айта албайм. Тынчтык келишимине кол коюшат деп да кепилдик бере албайм. Бирок эң башкысы - тараптар сүйлөшүүнү баштоого даяр. Бул акыркы үч жарым жылдан бери биринчи жолу болуп жатат",- деди АКШнын мамлекеттик катчысы.

Эске салсак, 18-августта дүйшөмбү күнү кечинде АКШ президенти Дональд Трамп менен Украина президенти Владимир Зеленский Ак үйдө жолугушуп, ачык форматтагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Трамп менен жолугушуунун алдында Зеленский "Украина чыныгы ок атышууну токтотууга даяр" деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: