Бишкекке Казакстандын президенти келет
21-22-август күндөрү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу, коомдук тартипти сактоого жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга 3500гө жакын милиция кызматкерлери тартылат. Ички иштер органдарынын кызматкерлери расмий иш-чараларды өткөрүү мезгилинде күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшөт.
Делегациянын кортежи өткөн учурларда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет: "Манас" эл аралык аэропортунан Мамлекеттик резиденцияга, андан кийин Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.
Урматтуу жарандар, иш-чаранын маанилүүлүгүн эске алуу менен киргизилген чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.

