Өкмөт башчы реформаларды ишке ашырууга көмөк кылган мамлекеттик кызматкерлерге сыйлык тапшырды















Бүгүн, 19-августта Бишкектеги "Ынтымак ордодо" Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында реформаларды ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Аталган программанын алкагында 4 багыт боюнча реформалар жүргүзүлгөн. Алардын ичинде: айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн зарыл болгон медициналык маалымкатты алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, ири габариттүү жана оор жүк ташуу үчүн атайын уруксат алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, майыптыгы бар адамдар үчүн медициналык-социалдык экспертиза, реабилитациялоо жана абилитациялоо процесстерин санариптик чечимдер аркылуу жөнөкөйлөтүү, курулушка уруксат берүү процессин жөнөкөйлөтүү.
Министрлер кабинетинин башчысы жыйынга катышкандарга ыраазычылык билдирип, алардын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеген.
"Биздин президентибиз ар дайым ар бир маселе тез, сапаттуу жана натыйжалуу чечилиши керектигин айтып, эскертип келет. Бүгүн биз сөз эмес, иш далил болгон жаңы доордун күбөсү болуп жатабыз. Эски ыкмалар артта калып, татаал жана чаташкан системалар өзгөрүп жатканынын башкы далили – биздин өлкөдө күнү-түнү иштеген, сиздер сыяктуу жан дили менен иштеген кызматкерлердин саны барган сайын көбөйүп жатат.
Жыйынтыктар муну ачык көрсөтүп турат. Ар бир аткарылган иш – бул биздин өлкөнүн жана элибиздин жаркын келечегине карай кадам. Ар бир жүргүзүлгөн реформа мамлекеттин өнүгүшүнө олуттуу салым кошот. Биздин башкы максатыбыз – жарандарыбызга өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгын бүгүн эле реалдуу жашоодо көрсөтүү. Ар бир өзгөрүштүн артында кимдир бирөөнүн тынымсыз эмгеги, ишке берилгендиги жана жоопкерчилиги турат. Командалар ынтымактуу иштеп, натыйжалуулукту көрсөтүп, коюлган максаттарга жетишти", - деген ал.
Адылбек Касымалиев президенттин администрациясынын жүргүзүлгөн ишти координациялоодогу жана колдоодогу маанилүү ролун белгилеп, алдыда реформаларды жүргүзүүнү талап кылган дагы көптөгөн милдеттер бар экенин кошумчалады.

