super.kg logo

Түптө ишканага мыйзамсыз ээлик кылып алган делип аял киши кармалды

 

Ысык-Көлдүн Түп айылындагы "Дыйкан" ААКсын рейдерлик жол менен ээлеп алган деген шек менен З.Б. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ал жасалма иш-кагаздарды колдонуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалап, жалган маалыматтарды колдонуу менен аталган ишкананын жамааттык жыйындарынын протоколдорун түзгөн. Шектүү анын аркасында өзүн ишкананын төрайымы катары көрсөтүп, "Дыйкан" ААКнын мүлктөрүн мыйзамсыз тескеп жүргөн.

Атайын кызмат ал ишканага таандык делген 3,30 гектар жер тилкесин жана мүлктүк комплексине рейдерлик жол менен ээлик кылып алганын белгилейт. Шектүү Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.

Учурда аталган ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: