"Зеленскийди басынтканын эстегиле". Макрон Трамп Украина боюнча позициянын өзгөрткөнүн айтты
Франциянын президенти Эммануэль Макрон АКШнын лидери Дональд Трамп Украинага болгон позициясын өзгөрткөнүн айтып, Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Трамптын Ак үйдөгү жолугушуусун эске салды.
"Трамп январь айында бийликке келгенден бери биз ага таасир эте алдык. Ал жаңжалды 24 сааттын ичинде кантип чече алам деп ойлогонун эстегиле. Президент Зеленскийди Овал кабинетинде басынтып жаткан көрүнүшүн эстегиле", - деди Макрон Paris Match телеканалына берген маегинде.
Франциянын президенти айтып жаткан чуулгандуу жолугушуу 28-февралда болгон. Ошол учурда Зеленский Вашингтонго минералдык ресурстар боюнча келишимди талкуулоо үчүн барган. Бирок анын америкалык кесиптеши менен сүйлөшүүсү жаңжал менен башталып, келишим ишке ашпай калган.
Ал эми Трамп менен Зеленскийдин кезектеги жолугушуусу бүгүн, 19-августта болду. Сүйлөшүүлөргө европалык лидерлер да катышышты.
