super.kg logo
  Саясат  

Депутат Масалиев парламенттин тарашы мүмкүндүгүн кыйытты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламент тарай турганын кыйыткан билдирүү жасады.

"Жакында бизди (депутаттарды) эркиндикке чыгарабыз дешет. Тескерисинче, өздөрүн чыгарабыз..." - деп жазды ал социалдык тармактардагы баракчасына.

Белгилей кетсек, коомчулукта парламент тарашы мүмкүн делген кептер февраль айында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүүнү сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганда айтыла баштаган. Кийинчерээк, март айында аталган мыйзамдын демилгечилеринин бири, депутат Нурбек Сыдыгалиев Жогорку Кеңеш тууралуу айтылган кептерди четке каккан.

Аперль айында болсо, аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш жактырган. Июнда президент мыйзамга кол койгон.

Документте өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган үч талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары жазылган. Ошондой эле мыйзамдын долбоорунда аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүү каралып, депутаттык мандатка ат салышкан талапкерлердин добуштары бирдей болуп калган учурда каттоо үчүн документтерин эрте берген талапкер жеңүүчү деп таанылары белгиленген.

Мындан тышкары мыйзамда талапкер саясий партиянын тизмеси же жеке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катыша алары көрсөтүлгөн. Талапкер 25 жашка чыккан болушу керек жана жогорку билими бар, акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны болуусу шарт. Ал эми депутаттын орду бошогондо кайра шайлоо өткөрүлбөстөн, ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.

Айта кетсек, учурда өлкөдө аралаш шайлоо тутуму колдонулат. 2020-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына келген 90 депутаттын 54ү пропорционалдуу тутум менен партиялык тизме аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: