Бишкекте өзүнөн кичине балдарды сабаган 4 жаран кармалды (видео)
Бишкекте массалык башаламан уюштуруп, бири-бирин аёосуз сабаган топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.Маалым бьолгондой, 17-августта Ленин РИИБинен жаран арыз менен кайрылган. Анда Гагарин жана Муромск көчөлөрүнүн кесилишинде Эржан аттуу бала достору менен биргеликте, арыз ээсин жана жашы жете элек 2008-жылы жана 2010-жылы туулган бир тууган инилерин дубинка, газ ачыкычы менен сабагандыгын билдирип, мыйзамдуу чара көрүп берүүнү өтүнгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүп башталды.
Натыйжада 2002-жылы туулган К.Э., 2002-жылы туулган Ж.Н., 1992-жылы туулган М.Э., 2002-жылы туулган Ж.А. аттуу шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Ал эми арыз ээсине карата ден соолугуна келтирилген зыян боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Мындан тышкары, шектүү М.Э. аттуу жарандын унаасынан пневматикалык курал жана шектүүгө тиешелүү прокурордун жардамчысынын жасалма күбөлүгү табылды. Тергөө иштери уланууда.
Милиция аталган берене менен кармалгандар 5 жылга чейин эркинен ажыратыла тургандыгын эскертип, коомдук коопсуздукту сактоого чакырат.
20.08.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















