Өздөрү чыгарган квотага каршы иштеген Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери кармалышты (видео)




УКМКнын Жалал-Абад облустук Башкы башкармалыгы тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү ишинин алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта коопсуздук кызматынын маалымат борбору билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин Айыл чарба министрлиги тарабынан июль айында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана ички рынокту турукташтыруу максатында малды экспорттоого квота киргизилген.
Ага карабастан Айыл чарба министринин орун басары Н.С., Ветеринардык кызматтын директору К.У., министирликтин бөлүм башчысы М.Э. жана Ветеринардык кызматтын бөлүм башчысы Н.у.Б. кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу максатында, мал чарбачылыгы менен алектенбеген өздөрүнө тиешелүү болгон адамдарга мыйзамсыз квота берип, коррупциялык схема уюштурду. Алардын малдары бар экендиги жөнүндө актылар министрликтин чиновниктеринин көрсөтмөсү менен райондук ветеринардык башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан бурмаланган.
Натыйжада ортомчу ишкерлер мыйзамсыз алынган квоталарды дыйкандарга жана малды экспорттоо менен алектенген жеке жактарга бодо малдын 1 бирдигине 300 доллардан, ал эми майда малдын 1 бирдигине 5 миң сомдон сатышкан.
"Бул коррупциялык схеманы уюштуруунун натыйжасында 40 миңден ашык бодо мал Жалал-Абад облусунун аймагы аркылуу коңшулаш Өзбекстангв мыйзамсыз чыгарылып, эттин кымбатташына себеп болгон. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган айыл чарба министрлигинин кызматкерлери, ошондой эле ортомчу ишкерлер кармалып, тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери уланууда",- деп кошумчаланган маалыматта.
20.08.25
