"Бишкек шаар лифт" кызматкерлерин электр-велосипеддер менен камсыздады




"Бишкек шаар лифт" муниципалдык ишканасы жумуштун оперативдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кызматкерлерин электр-велосипеддер менен камсыздады. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, ишкана электромеханиктердин жардамчыларына 10 электр-велосипед тапшырылды. Бул транспорт каражаттары кызматкерлерге бекитилген лифттер жайгашкан көп кабаттуу үйлөргө тезирээк жетүүсүн камсыз кылуу үчүн берилди.
Буга чейин кээ бир объекттер бири-биринен алыс жайгашкандыктан жана бир эле убакта ар кандай даректерден чакыруу түшкөн учурда кызматкерлер жолго кошумча убакыт коротуп келишкен. Электр-велосипеддерди колдонуу менен убакытты үнөмдөөгө жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, электр-велосипеддерди пайдалануу абанын булгануусун азайтууга жардам берет.
Иштетүүгө берүүнүн алдында кызматкерлерге коопсуздук техникасы боюнча нускама өткөрүлдү.

