super.kg logo

Айыл чарба министрлиги УКМК кармаган кызматкерлери тууралуу үн катты

 

Бүгүн, 20-августта Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалгындыгы боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

"Азырынча тергөөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен жагдайларды ачыктоо мүмкүн эмес. Бирок, ошол эле учурда министрликтин кызматкерлери аларга ыйгарылган мыйзамдуу укуктук милдеттерин так жана кынтыксыз аткарууга дайым аракеттерин көрүп келет жана мындан ары да андай аракеттер көрүлө бермекчи. Ал эми дал ушул жагдай боюнча бардыгы тергөөнүн жыйынтыгы менен белгилүү болот жана министрлик ал жыйынтыктар менен сөзсүз түрдө өз убагында коомчулукту кабардар кылып турмакчы",- деп белгиленген маалымтта.

Буга чейин УКМК этти экспорттоого тыюу салган чечимге каршы аракеттерин көргөн айыл чарба министринин орун басары баш болгон 4 чиновникти кармагандыгы боюнча маалымат берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: