super.kg logo

Африкада велосипед менен саякаттап, Килиманжарону багындырган Ырыскелди менен маек

 

Кыргыз жаштары дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун, өлкө намысын бийик көтөрүп келет. Бул жолу алыста, Африкада — Килиманжаро чокусун багындырган, миңдеген чакырымды велосипед менен басып өткөн жана учурда да велосипед менен саякаттап жүргөн мекендешибиз менен сүйлөштүк. Анын окуясы көптөргө дем берет десек жаңылышпайбыз.

Мекендешибиздин аты-жөнү Ырыскелди Идирисов. Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миңкуш айылында 1995-жылы төрөлгөн. Мектеп жашына чейин аталган айылда чоң ата-апасынын колунда чоңойгон. 1-класска Бишкектеги №79 орто мектебине барган. 10-класста Кыргыз Улуттук университетинин алдындагы маалыматтык-экономикалык лицейине которулган. Ал жактан Марат аттуу жигит менен таанышып, азыркы күнгө чейин жакшы достордон болуп, бири-бирин колдоп келе жатышканын айтты. Учурда экөө чогуу Африкада велосипед менен саякаттап жүрүшөт.

Биз Ырыскелди мырзанын Африка сапарына кызыгып, порталыбыздын #Sayakattime рубрикасынын алкагында маектештик.

- Саламатсызбы, Ырыскелди мырза! Кандайсыз? Инстаграмдагы баракчаңыздан Африкадагы велосипед менен саякатыңызды көрүп аябай таасирлендим. Айтсаңыз эмне үчүн саякат үчүн велосипедди тандап алдыңыз?

- Саламатсызбы! Жакшы шүгүр. Чоң рахмат! Велосипедди тандап алганымдын себеби - физикалык жактан денемди чыңдоо. Африкадагы жашоону толугу менен сезүү. Менин жашым 30да. Жаш кезимдегидей күчтүү эмесмин. Ошон үчүн өзүмө физикалык чакыруу таштадым. Акыркы күндөрү ушундай менталдык, физикалык, психикалык жактан чыңалуу алуу үчүн оор чакыруу керек болуп жүргөн.

- Эмне үчүн Африка? Эмнеси менен өзүнө тартып алды?

- Негизи бул чоң сапарга менден биринчи Марат досум баштаган. Анан күндөрдүн биринде аяш атам каза болуп калды. Аллахым бейишин берсин! Ошол окуядан кийин демек досум Африкадан келет экен деп ойлодум. Бирок Мараттын жообу мени таң калтырды. Мен анчалык терең ойлоно албаптырмын. Досум мага мындай жооп берди: "Мен Африкага болгон сапарымды баштадым, азыр ортосуна жетип калдым. Кандай гана себеп болбосун, мен Бишкекке барсам, атам мени баштаган ишиңдин аягына жетпей эмнеге келип алдың деп урушмак. Ошондуктан атам үчүн мен бул жолдун аягына чыгышым керек".

Анан кандай гана болбосун досумдун жанында болгум келди. Ага моралдык жактан колдоо көрсөтүү менен катар өзүмө болгон физикалык чакырыгымды баштадым.

- Бул сапарыңыз качан башталды? Планыңыз боюнча мекенге качан кайтасыздар?

- Мен Африкага 18-майда келдим. Бирок велосипед менен саякатымдын 44-күнү. Анткени велосипед тепкен күндөрдү гана эсептейбиз.

План боюнча болжол менен дагы 2-3 ай бул жакта болобуз. Албетте баары жакшы болуп, биз барчу өлкөлөргө визалар оңой берилип калса. Учурда Уганда, Руванда, Танзания мамлекеттерин кыдырдым. Алдыда дагы 3-4 өлкө бар.

- Инстаграмдагы баракчаңыздан досуңуз менен Килиманжаро чокусун багындыргандарыңызды көрдүм. Ошол тууралуу айтып бересизби?

- Килиманжаро чокусу - бул дүйнөдөгү 7 чоң чокулардын бирине кирет. Марат экөөбүздүн чокуга чыгуудагы эң биринчи тажрыйбабыз болду. Биз чокуну багындыруу оңой эле болот деп ойлоп алыптырбыз. Бул окуя оюбузду 360 градуска өзгөрттү. Физикалык жактан да, менталдык жактан да кыйын экен. Чокуну багындыруу - өлүм менен күрөшүүдөй эле экен.

Учурдан пайдаланып мени колдогон ата-энеме, үй бүлөмө ыраазычылык билдиргим келди. Мунун баары алардын колдоосу менен болуп жатат. Анан албетте катталуучуларыма да ыраазымын. Алар да жылуу сөздөрүн аянышпай, улам сүрөт-видео киргизген сайын жакшы колдоп жатышат. Негизи бул жака келип, саякатымды активдүү көрстө баштагандан кийин катталуучуларымдын саны өсүп, колдоочуларым да көбөйүп калды.

- Чокуну багындырганыңыздарда медиаларда досуңуздун эле аты-жөнү чыгып, сиздин атыңыз көмүскөдө калганынын себеби эмнеде? Же сиз атыңыздын аталышына каршы болдуңуз беле?

- Ал кандайча болгонун билбейм. Бирок мен ал нерсеге таптакыр каршы эмесмин. Менин башкы максатым Маратты бул Африка долбоорунда колдоо. Менин жардамым тийип жатса мен үчүн чоң жеңиш.

Бул окуяда мени өкүндүргөнү - Кыргызстанда медиалар маалыматтарды толук тактабай чыгарганы. Демек башка жаңылыктарды да ушинтип жарым-жартылай эле бере беришет экен да деп ойлоп калдым. Канчалык деңгээлде ишенсе болот деген суроо жаралып калды. Буга чейин башкача ойдо элем.

- Түшүнүктүү. Африкадагы элдердин өзгөчөлүктөрүн айта кетсеңиз.

Африка эли аябай жөнөкөй жана мээнеткеч келишет экен. Баласын аркасына көтөрүп алып талаада иштеп жатса да, оор жүктү көтөрүп баратса да маанайын түшүрбөй, жайдары жүрүшкөнүн байкадым. Конфликттен алыс, жылмайып алып, алдында кыла турган иши болсо шүгүр деп жашап жүрө беришет экен.

- Сонун экен. Африка сапарыңыз аягына чыккандан кийин башка өлкөлөрдү да велосипед менен кыдыруу планыңыз барбы?

- Бул суроонун жообу азырынча табышмак бойдон. Учурдагы фокус бул сапарды ийгиликтүү аягына чыгарып алуу болуп турат. Баары жакшы болсо, мүмкүнчүлүк жаралып турса уланта беребиз.

- Сонун! Анда сизге ийгилик жана күч-кубат каалайбыз Ырыскелди мырза. Африкага болгон сапарыңыздарды ийгиликтүү жыйынтыктап, мекенге аман-эсен кайтып келүүңүздөргө тилектешпиз.

- Чоң рахмат сиздердин да иштериңиздерге ийгилик каалайм!


кошулду





Ырыскелдинин Африкадагы күндөрү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: