Баткенде кызмат өтөп жаткан жоокер өз өмүрүн кыйды
Бүгүн, 20-августта 2022 аскер бөлүгүнүн бирдиктеринин биринде кызмат мөөнөтүн өтөп жаткан жоокер И.у.А. өзүн асып алгандыгы айтылууда. Маалыматты Чек ара кызматынын басма сөз кызматы тастыктады.
Мекеме окуянын бардык жагдайларын жана себебин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө баштады. Кошумча маалымат бериле тургандыгы белгиленди.
Маалымат үчүн: 2022 аскер бөлүгү Чек ара кызматына караштуу Баткен облусунун Баткен шаарындагы Төрт-Гүл участогунда жайгашкан.
Белгилей кетсек, 16-июлда эле Жалал-Абадда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Күзөт жана коштоо департаментинде аскердик милдетин өтөп жаткан жоокери өз жанын кыйган. Жакындары акыйкаттык издеп жатышканын биздин порталга да билдиришкен.
Өлкөдө аскерде кызмат өтөп жатып каза болгон окуялар буга чейин да бир нече жолу катталган.

