Жети-Өгүздө мектептин менчиктештирилген имараты айыл өкмөткө кайтарылды
Жети-Өгүз районундагы мектеп-интернатынын мыйзамсыз менчиктештирилген имаратынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, 2003-жылы аталган аймакта мектеп-интернатынын имаратынын бир бөлүгүндө аянты 468 чарчы метр жана ага чектеш, Барскоон айылында жайгашкан аянты 4847 чарчы метр имараттар мыйзамсыз түрдө жеке менчикке чыгарылгандыгы аныкталды. Андан ары "Б" ЖЧКсынын жеке менчигине сатылып кеткен.
Анын натыйжасында менчик ээси ыктыярдуу негизде имаратынын бир бөлүгүн жер участогу менен бирге Барскоон айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:48
2025-08-20

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.