Кайнатасы зордуктаган делген келиндин окуясы боюнча маалымат айтылды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды кайнатасы тарабынан зордукталган делген 20 жаштагы келиндин укугун коргоого чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Акыйкатчы келинди жолдошун менен бирге кабыл алып, алардын укуктарын жана коопсуздугун коргоо боюнча зарыл чаралар көрүлөрүн билдирген.
Жабырлануучу 17-июлда бул үй-бүлөгө келин болуп келген. Анын айтымында, арадан бир ай өтпөй кайын атасы бычак менен коркутуп, зордуктаган.
"Мындай ыплас аракеттер бир жыл ичинде системалуу түрдө кайталанып жатты. Анын баарын кайын энеси (өгөй) да көрүп, эч кандай чара көргөн жок", - деген ал.
Келин 11-апрелде көз жарган. Анын билдирүүсүндө, төрөт үйүнөн чыккандан 15 күндөн кийин эле кайнатасы кайрадан күч колдонуу менен зордуктаган.
Келин кайнатасынын зордук-зомбулугу боюнча май айында гана жолдошуна айткан. Мындан улам ата менен баланын ортосунда чыр чыгып, атасы уулун ур-токмокко алган. Андан кийин, 10 күнгө кичинекей баласы менен талаа жумуштарына кетирип жиберген.
Көп өтпөй, талаа жумуштарын да жакшы аткарган жоксуңар деген шылтоо менен кайрадан уруш баштаганда жаштар ымыркайын кайынатасына таштап Ысык-Көлгө качып кеткен. Ал жактан аларга жардам көрсөткөн жарандардын кеңеши менен Каракол милициясына арыз менен кайрылышкан.
Милиция түгөйлөрдү Бишкек шаарындагы Ленин РИИБне жөнөтүп, алар июль айынын аяктарында арыз жазышкан. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча кылмыш ишин козгоп 16-августта шектүү кармалган.
Жубайлардын айтымында алар кризистик борборго да кайрылып, кызматкерлер менен бирге 4 айлык ымыркайын кайын журтунан алып кеткени барганда бала ыйлоого да алы келбей алсырап калган. Ымыркай реанимация бөлүмүнө жаткырылып, бирок көп өтпөй чарчап калган.
Балага соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Азырынча жыйынтыгы чыга элек. Жубайлар банктагы насыясынын төлөмдөрүн убактылуу токтотуп турууга көмөк көрсөтүүнү суранышкан.
Акыйкатчы жаштарга акысыз адвокат, психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүү үчүн тиешелүү тараптарга расмий кат жолдоду.
Буга чейин 51 жаштагы жаран келин зордуктоого жана ишти жабуу үчүн милиция кызматкерине пара берүүгө шектелип кармалганы кабарланган.

