super.kg logo

Кыргызстанда "Паруса Духа 2025" эл аралык долбоору өтөт

 

17–27-август күндөрү Ысык-Көлдө инклюзивдик "Паруса Духа 2025. Движение к Взаимообогащению” аттуу эл аралык долбоор алгач ирет өтөт. Иш-чарага майыптыгы бар адамдар, спортчулар, ыктыярчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышмакчы. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Программага парустук лагерь, инклюзивдик регата, мастер-класстар, экскурсиялар жана маданий иш-чаралар кирет. Долбоорго Кыргызстан, Орусия, Латвия, Египет, Түркия, Казакстан жана Өзбекстандан келген 35 катышуучу чогулат.

"Паруса Духа" долбоору АНО "Белая трость" уюму тарабынан "Росатом" Орусиянын мамлекеттик корпорациясынын жана Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Дастан Бекешовдун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Иш-чаранын негизги бөлүгү — "Экстрабилити күндөрү", анда спорттук-маданий фестиваль жана инклюзивдик регата өтүп, 150дөн ашуун адамды бириктирет. Долбоордун уюштуруучуларынын айтымында, "Паруса Духа" тең укуктуу кызматташтыкты жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багытталган.

Орусиядан долбоордун тең негиздөөчүсү, яхта капитаны Виктор Клоков, ошондой эле Сургуттагы Бүткүл орусиялык майыптар коомунун өкүлү Юрий Александров катышат. Египетти паратхэквондо боюнча чемпион жана Village of Hope долбоорунун активисти Мухмин Аббас, Түркияны — көзү азиздер федерациясынын вице-президенти жана Tarsus Disability Platform төрагасы Арслан Дурсун таанытат.

Кыргызстандан белгилүү инсандар да конок катары чакырылган. Алардын арасында — Кыргызстандын көп жолку чемпиону, Азия чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси (2019), 2022-жылы Амстердамдагы дүйнө чемпиондугуна катышкан спортчу Мирбек Валиев бар.

Маалымат үчүн:
"Паруса Духа" долбоору 2011-жылдан бери ишке ашырылып келет. Максаты — инклюзивдик парус спорту аркылуу адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн ачуу жана коомду бириктирүү. Бүгүнкү күнгө чейин долбоор 30 миң деңиз милден ашык жол басып, 45 миңден ашык адамды бириктирген.

2016-жылдан тарта долбоор "Белая трость" АНО тарабынан "Росатом" жана "Россотрудничество" уюмдарынын колдоосу менен ишке ашууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: