super.kg logo

Бишкекте эл аралык интеллектуалдык турнир болуп өттү

 

Бишкекте бүгүн, 20-августта эл аралык “Zakovat Asian Cup II" эл аралык турнири болуп өттү.

Иш-чаранын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Өзбекстандын президенттик администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева катышты.

Өкмөт башчы эл аралык турнирдин маанисине токтолуп, бул жылы өлкөдө өтүп жатканын кубануу менен белгиледи. Ошондой эле ал мындай долбоор өлкөдө колдоого алынарын кошумчалады.

Саида Мирзиёева өз сөзүндө кыргыз-өзбек элинин достук мамилеси, кызматташтыгы өнүгүп жатканын белгилеп өттү.

Интеллекталдык турнирде Кыргызстандын жана Өзбекстандын командасы ат салышты. Жыйынтыгында Өзбекстандан келген команда жеңишти камсыздап, турнирдин кубогуна ээ болду. Сыйлыкты Саида Мирзиеева тапшырды.

Белгилей кетсек, "Zakovat Asian Cup" эл аралык интеллектуалдык турнири алгач Өзбекстанда пайда болгон. Анда катышуучулар кыска убакыттын ичинде берилген суроолорго жооп табышат.

Буга чейин турнирдин алкаганда Лондон, Астана, Алматы, Дүйшөмбү, Берлин шаарларында эл аралык мелдештер өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: