ХАМАС Израилге карата максималдуу кысым көрсөтүүгө чакырды
ХАМАС кыймылы Израилдин Газа секторун басып алуу боюнча аскердик операциясын токтотууга мажбурлоо үчүн ортомчуларды Израилге карата максималдуу кысым көрсөтүүгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
ХАМАС Израил жетекчилигинин операцияны баштоо чечими ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү тоготпогонун көрсөтөт деп белгиледи. Кыймыл бул үчүн жоопкерчиликти Израил гана эмес, АКШда алышы керектигин билдирди.
Израилдин аскердик-саясий кабинети 8-августта Газанын бүт аймагын көзөмөлгө алуу планын жарыялаган. Ал эми 20-августта бул планды аталган өлкөнүн коргоо министри Исраэль Кац расмий түрдө бекиткен. The Jerusalem Post басылмасынын маалыматына караганда, Израил армиясы Газанын чет жакасында буга чейин эле согуштук аракеттерди баштаган.
