super.kg logo

Израил Газаны толук басып алуу үчүн чабуул баштаганы айтылды

 

Израилдин аскерлери Газа шаарын басып алуу операциясынын биринчи кадамдарын баштады. Бул тууралуу Jerusalem Post гезити Израилдин бригадалык генералы Эффи Дефринге шилтеме берип жазды.

Маалым болгондой, Дефрин Израил карапайым калктын коопсуз эвакуациясы үчүн жетиштүү жай бөлүп берүү жана гуманитардык, медициналык жардам көрсөтүү үчүн иштеп жатканын айткан.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Тель-Авив Газаны жарандык өкмөттүн башкаруусуна өткөрүп берүү пландаштырылып жатканын баса белгилеген. Бул боюнча Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Батыш өлкөлөрү Газадагы абалга жетиштүү мамиле кылбай жатканын айтып чыккан.

Ал эми Египет жана Катар Израилдин пландарын сынга алып, ХАМАСка ок атууну токтотууга 60 күндүк сунуш киргизген. ХАМАС Газада эки ай ок атууну токтотуу келишимине макул болгонун билдирди. Азырынча бул боюнча Израил расмий түрдө жооп бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: