super.kg logo

Apple биринчи жолу iPhone 17 смартфонунун төрт моделин Индиядан чыгарат

 

Apple компаниясы тарыхта биринчи жолу iPhone 17'нин бардык төрт моделин Индиядан чыгарат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, корпорация АКШ рыногуна арналган түзмөктөр үчүн Кытайга болгон көз карандылыкты азайтуу максатында Индиядагы өндүрүштү кеңейтүүдө. Быйыл биринчи жолу кийинки айда сунуштала турган iPhone 17 Индиядан чыгарылмакчы.

Өндүрүштү кеңейтүү Индиядагы беш заводду камтыйт. Алардын катарында жакында ишке киргизилген Tata Group'тун Тамилнаду штатындагы заводу жана Бангалор аэропортуна жакын жайгашкан Foxconn заводу да бар. Ал эми Tata көзөмөлдөгөн ишканалар кийинки эки жыл ичинде Индияда чыгарылчу iPhone смартфонунун жарымына чейинки көлөмүн өндүрөрү күтүлүүдө.

Индияда өндүрүштү көбөйтүү азыртадан эле жыйынтык бере баштады. Апрелден июлга чейин өлкөдөн жалпы суммасы 7,5 миллиард долларга бааланган iPhone экспорттолду. Өткөн айда Canalys аналитикалык компаниясы Индия АКШга смартфон жеткирүүдө Кытайды артта калтырып, башкы өндүрүшчү өлкөгө айланганын кабарлаган.

Apple өндүрүштү башка өлкөгө көчүрүп жатканы геосаясий чыңалуу жана президент Дональд Трамптын администрациясы тарабынан киргизилген тарифтик саясат менен байланыштуу экени кабарланды.

Ошондой эле Кытай Индияга технология өндүрүүгө тоскоолдук кылып жатканы айтылууда. Алсак, Foxconn жүздөгөн кытайлык инженерлерди Индиядагы заводдордон чакыртып алган. Алардын ордуна Apple Тайвань менен Япониядан инженерлерди жалдаган, бул өндүрүш чыгымдарынын өсүшүнө алып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: