super.kg logo
  Саясат  

"Баягы эле күмөн саноо...". Жапаров айрым банктарга салынган санкциялар боюнча жооп берди

 

Президент Садыр Жапаров Улуу Британия жана АКШ өкмөтү тарабынан Кыргызстандын айрым банктарына киргизилген санкциялар боюнча жооп берди. Бул тууралуу ал "Кабар" маалымат агенттигине маек берип жатып айтты.

Жапаровдун айтымында, Америка "Керемет Банктын" санкцияларды кыйгап өткөн бир дагы фактыны көрсөтө алган эмес.

"Бизде бүгүнкү күндө 21 банк иштейт. Ошол санкцияларды кыйгап өткөн банктар болуп калып бардык банктарыбыз санкцияга кирип калбасын деп бир гана мамлекеттик “Керемет Банк" рубль менен иштесин, бардык операцияларды мамлекет өзүбүз көзөмөлдөп туралы, кирешеси да мамлекеттик казнага түшсүн деп рублди “Керемет Банкка” байлаганбыз. Азыр деле “Капитал Банк” таза кирешени толугу менен мамлекетке төгүп атат",- деди Жапаров.

Мамлекет башчы билдиргендей, санкция жалган маалыматтарга таянып киргизилген.

"Биздин делегация ОФАК (чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча башкармалык) менен да Американын биздеги элчиси Лессли Вигери менен да акылдашып, рубль менен “Капитал банк” иш алып барсын, бул дагы 100 пайыз мамлекеттик банк, Каржы министрлиги көзөмөлдөйт, ачык отчёт берип турат деп рублди “Капитал банкка” байлаганбыз. Себебин жакшынакай түшүндүргөнбүз. Орусияда биздин миллионго жакын мигранттар бар. Алар бул жакка күнүгө миллиарддаган рубль которушат. Аларды конвертация кылып берип турушубуз керектегинин айтканбыз",- деди Жапаров.

Ал эми Улуу Британиянын “Капитал банкка” санкция киргизгенин Жапаров күмөн саноо менен байланыштырды. Өлкө башчы муну Кыргызстандын үстүнөн басым жасоо аракети катары баалай турганын билдирди.

"Эч бир далил да көрсөтө алышкан жок. Баягы эле күмөн саноо. Мен бул өлкөлөрдүн жогорку жетекчилери, Дональд Трампка жана Кир Стармерге кайрылат элем. Балким, аларга маалымат жетпей жатат. Экономиканы саясатташтырбагыла. Биз көп векторлуу саясат жүргүзүп келе жатабыз. Силер менен да экономикалык жактан кызматташуудабыз. Мисалы, Англия мамлекетине эле жылына миллиард долларга алтын сатабыз. Анан мындай бизге кылган мамилеңер адилеттүүлүккө жатпайт. Ошондуктан ишенбесеңер ошол маалыматтарыңарды көтөрүп алып келгиле бизге. Банк бардык маалыматтарды ачык көрсөтүп бергенге даяр",- деп кошумчалады Жапаров.

Ошондой эле президент "Капитал банк" Каржы министрлигинин алдында кандай иштесе ошондой иштей бере турганын, пайдасы мамлекетке түшө турганын билдирди.

"Биз өзүбүздүн күчүбүз менен экономикабызды жогорулатып келе жатабыз. Анан ушул сыяктуу өнөктөштүккө туура келбеген кадамдарды мамлекеттин ички ишине кийлигишүү деп түшүнсө да болот. Биз эл аралык милдеттенмелерди сактоого даярбыз. Сактап келгенбиз, сактап жатабыз, сактап келебиз. Бирок мен биздин жарандардын кызыкчылыктарын, мамлекеттин соода-экономикалык өнүгүүсүн жокко чыгарууга жол бербейм. Санкциялык басым менен деле күнүмдүк оокатыбыз жүрө берет",- деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.

Эске салсак, кечээ, 20-августта Британ өкмөтү Орусияга каршы киргизилген санкцияларды айланып өтүү аракеттерине катышкан чет элдик каржы уюмдарына жана криптовалюта тармактарына каршы жаңы чектөөлөрдү киргизди. Санкция тизмесине Кыргызстандын бир катар каржы институттары да кирди. Алардын арасында Кыргызстандын "Капитал банкы" да бар.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: