Курулуш министрлиги Баткенде сапатсыз курулуп жаткан бала бакча боюнча билдирди




Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Кароол тилкесинде 75 орундуу бала бакчанын сапатсыз курулуп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Курулуш министринин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Баткен региондук мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү жана Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу боюнча рейд жүргүзгөн. Рейддин алкагында сапатсыз курулган бала бакча аныкталды. Аталган аймакта кыш кыноо жана бетон куюу эрежелеринин технологиясы бузулган.
Натыйжада, подряддык уюм “Темир Курулуш” ЖЧКсына курулуш объектинин сейсмикалык туруктуулугун аныктоо үчүн сейсмикалык институттун корутундусун алуу жөнүндө эскертүү берилди.
Ошондой эле, укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн аталган объекттин ишмердүүлүгү боюнча башкармалык тарабынан маалымат жөнөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.