Асел Ногойбаева биринчи айым Айгүл Жапаровага ыраазычылык билдирди (видео)
Күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаева өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапаровага камкордугу жана көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал кечээ, 20-августта өткөн "Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер" форумунда сөз сүйлөдү.
Маалым болгондой, форум биринчи айым Айгүл Жапарова жана Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёеванын катышуусунда өттү.
Өз сөзүндө Ногойбаева бир нече жыл чет өлкөдө иштеп, өз өлкөнүн кадырын билгенин айтты.
"Мен да бир нече жыл чет өлкөдө иштеп, тажрыйба топтоп, жаңы маданияттарга аралашып, мамилелерди үйрөндүм. Ал учур мага чоң сабак берди. Мен турмуштун ак-карасын, адамдардын мамилесин жана эмгекти баалоону үйрөндүм. Өз мекенимден алыс жашап мен бир нерсени ачык-айкын түшүндүм. Эч нерсе өз үйүңдүн жылуулугун алмаштыра албайт экен. Туулган жериңдин топурагы жана элиңдин көз-карашы, элиңдин сага мамилеси - бул баа жеткис.
Менин үй-бүлөмдө болгон, башымдан өткөн оор кырдаалдан кийин, эки баламды ойлоп, жакындарымдын жана мага колдоо көрсөткөн адамдардын арты менен чакан бизнес баштоону чечтим. Биринчи кадамды жасадым, артынан дароо экинчи кадам келди. Эркиндикке, алдыга умтулуу жолум оңой болгон жок. Мен корктум. Кайда бараарымды, кимге ишенеримди билбей турган кезде, мени уккан адамдарды жолуктурдум. Мен жалгыз эмес экенимди сездим.
Мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдиргим келет. Себеби айыл жергесиндеги айымдарга жашоосу жакшы жака өзгөртүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Мамлекетибиздин колдоосу менен татыктуу жашоо курууга болот.
Урматту Айгүл Жапарова, менин ден соолугума байланыштуу оор мезгилде көрсөткөн камкордугуңуз жана колдооңуз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Сиздин көңүл бурууңуз, жылуу сөздөрүңүз мен үчүн чоң колдоо жана дем болуп калды. Сиздин жардамыңыздын аркасында өзүмдү жакшы сезип турам жана толук айыгып кетүүмө үмүтүм чоң.
Ошону менен бирге Медицина илимдеринин доктору, пластикалык хирург, Орусиянын пластикалык, реконструтивдик жана эстетикалык хирургдар коомунун президенти Мантурова Наталияга тынымсыз эмгегиңиз, алтын колдоруңуз жана бейтаптарга болгон жылуу мамилеңиз үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем.
Туулуп өскөн мекенибизде биргеликте иштеп, ийгилик жаратып, өз өлкөбүздү кайра кайткыбыз келген мамлекетке айландыралы",- деди ал.
Видео: УТРК
21.08.25
