super.kg logo

Зеленский: "Путин менен жолугушуу Швейцария, Австрия же Түркияда өтүшү мүмкүн"

 

Украина президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу Европада өтүшү керектигин билдирди. Ал мүмкүн болгон вариант катары Швейцарияны, Австрияны жана Түркияны атады.

"Швейцария, Австрияга биз макулбуз. Түркия биздин түшүнүгүбүздө НАТОго мүчө жана Европанын бир бөлүгү. Биз каршы эмеспиз. Ал эми Москвада жолугушуу мүмкүн эмес",- деди Владимир Зеленский журналисттер менен болгон жолугушууда.

Ал Будапештте жолугушуу өткөрүү идеясына токтолуп, "бул оңой эмес" деп белгиледи.

"Ачык эле айта кетели, Будапешт бизди колдогон жок. Мен Орбандын саясаты Украинага каршы болгон деп айтпайм, бирок Украинага колдоо көрсөтүүгө каршы болгон",- деди ал.

Зеленскийдин айтымында, АКШ президенти Дональд Трамп катышкан лидерлердин жолугушуусу эки тараптуу макулдашуу болмоюнча мааниге ээ болбойт. Анын пикиринде, АКШ "согуш аяктаган учурда" талкууга катышууга тийиш.

Буга чейин АКШ Владимир Путин менен Зеленскийдин жолугушуусуна даярдык көрө баштаганы кабарланган. Вашингтон жолугушуу өтө турган негизги мүмкүн болгон жер катары Будапештти караштырууда. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Путин Украина президенти менен жолугушууга макул болгонун айткан.

AFP жана NYT агенттиктери билдиргендей, Орусиянын лидери саммитти Москвада өткөрүүнү сунуштаган. Бирок Москва бул сунушту расмий түрдө тастыктаган эмес. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул жолугушуу кылдат даярдалышы керектигин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: